Кыргызстанга бодо малды мыйзамсыз алып кирүү уланууда
RU

Кыргызстанга бодо малды мыйзамсыз алып кирүү уланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан уруксат берүүчү документтерисиз ири мүйүздүү бодо малды ташып кирүүнүн кезектеги фактыларын аныктагандыгын, МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, бир жуманын ичинде 1002 баш ири мүйүздүү малды мыйзамсыз алып өтүү фактысы аныкталды. Анын ичинен "Чалдовар авто жолу" контролдук-өткөрмө пунктунан 327 баш, "Ак-Тилек авто жолу" контролдук-өткөрмө пунктунан 675 баш бодо мал.

Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон, кээ бирөөлөрүндө иш жүзүндөгү малдын саны коштомо кагазда көрсөтүлгөн санга дал келбей калган.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/701