АКШда эриген шоколад куюлган идишке эки адам түшүп кеткен
RU

АКШда эриген шоколад куюлган идишке эки адам түшүп кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Америкалык Mars компаниясынын эки кызматкери Пенсильваниядагы заводдо эриген шоколад куюлган цистернага түшүп кеткен. Бул тууралуу Ланкастер округунун өзгөчө кырдаалдар кызматынын башчысынын жардамчысы Ник Шенбергер билдирди.

"Бир жабырлануучу тез жардам, экинчиси вертолет менен ооруканага жеткирилген", - деди Шенбергер.

Кызматкерлер цистернага кантип түшүп кеткени жана алган жаракаттары канчалык деңгээлде экени тактала элек.

Маалым болгондой, куткаруучулар адамдарды алып чыгуу үчүн цистернанын капталын тешүүгө аргасыз болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7042