Айыл чарба министрлиги былтыркыдай суугат суу көйгөйү болбойт деди
RU

Айыл чарба министрлиги былтыркыдай суугат суу көйгөйү болбойт деди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 2021-жылдагыдай масштабда сугат суу көйгөйү болбойт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Ал министрлик суу коромжу болбошу үчүн алдын ала чараларды көргөнүн билдирди.

"Сугат тармагын вегетациялык мезгилге даярдоо боюнча абдан олуттуу иштерди жүргүздүк. Буга республикалык бюджеттен алты эседен ашык каражат бөлүндү. Ал эми бүгүнкү күндө суу адистерибиз сугат иштерин вегетацияга даярдоого 600 миллион сомго жакын каражат жумшашты. Бул биздин дыйкандар үчүн суу ташуудагы коромжуларды азайтат. Бул биринчиси, экинчиси жаан-чачын", - деди Жаныбеков.

Министр белгилегендей, быйыл жаан-чачын көп болуп, дарыяларда суунун көлөмү былтыркыдан жогору болушу күтүлүүдө. Ошондой эле, Жаныбековдун айтымында, алар сууну кезектешип беришет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7058