"Кальмар оюну" сериялынын экинчи сезону чыгат
RU

"Кальмар оюну" сериялынын экинчи сезону чыгат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түштүк Кореянын "Кальмар оюну" сериялынын экинчи сезону чыгат. Бул тууралуу Netflix компаниясы 10 секунддук видеосу аркылуу жарыялады.

"Кальмар оюну" расмий түрдө 2-сезонго кайтып келди",-деп айтылат компаниянын Twitter баракчасында.

Ошондой эле, Netflix "Кальмар оюнунун" режиссёру жана жазуучусу Хван Дон-хёктун билдирүүсүн чыгарды. Анда ал сериалдын уландысы болорун тастыктады.

Эскерте кетсек, "Кальмар оюну" Netflixтеги эң ийгиликтүү шоу болуп саналат. Сериал 2021-жылдын 17-сентябрында жарык көргөндөн кийинки алгачкы төрт жумада эле көрүүчүлөр сериалды көрүүгө 1,65 миллиард сааттан ашык убакытын бөлүшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7059