Качкындар маселесин Саламаттыкты сактоо министрлиги карайт. Депутаттар таң калышты
RU

Качкындар маселесин Саламаттыкты сактоо министрлиги карайт. Депутаттар таң калышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-февралда, парламентте миграция маселелери боюнча Казакстан менен кызматташуу көйгөйлөрү талкууланууда. Талкуунун жүрүшүндө өкмөттүн жаңы структурасына ылайык, миграция кызматынын функциялары ар кайсы ведомствого өткөнү белгилүү болду.

Маселен, Россиядагы Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү (тогуз кызматкер) Тышкы иштер министрлигине өттү. Ал чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын укугун коргойт. Ал эми калган бөлүмдөрү, качкындар, кайрылмандар, чет элдик мигранттар маселесин карагандары Саламаттыкты сактоо министрлигинин курамына кириптир.

"Минздравдын курамында эмгек жана социалдык иш менен камсыздуулук боюнча бирдиктүү саясат жүргүзүлөт", - деп Миграция кызматынын төрагасы Самат Токтоболотов түшүндүрмө берди.

"Сизди кайсы ведомствого өткөрүшөт, мындан көп нерсе көз каранды. Ошондуктан сиз өзүңүздүн позицияңызды коргошуңуз керек. Саламаттыкты сактоо министрлигине эч кандай тиешеңер жок да", - деп Үмбөталы Кыдыралиев сунуштады.

Рада Туманбаева да Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын жоюлушуна каршы чыкты. Анын айтымында, 1 млндон ашык кыргызстандыктар эмгек миграциясында жүрүшөт, алардын экономикага кошкон салымы $2,5 млрдга тете. Мындайда, миграция маселесин өзүнчө органга өткөрүп берип, статусун жогорулатуу керек экендигин белгиледи.

"Биз мигранттарыбыздын укугун коргогонго алыбыз жетпейт. Ал үчүн кызмат эле түзүлгөн. Эгер кандайдыр бир коркунуч жаралса, кайсы ведомство мигранттарыбызды коргойт?", - деп Туманбаева нааразы болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/706