Эл аралык vivo компаниясы Кыргызстанда расмий түрдө иштей баштады
RU

Эл аралык vivo компаниясы Кыргызстанда расмий түрдө иштей баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

vivo – уникалдуу дизайны, интеллектуалдуу сервистери бар заманбап смартфондорду чыгарган технологиялык компания. Компания адамдар менен санарип дүйнөнүн ортосунда көпүрө курууга умтулат. vivo продукту иштеп чыгууга өзгөчө мамиле кылып, колдонуучуларга ыңгайлуу болгон мобилдик жана санариптик жашоону сунуштайт. Өз ичине Benfen"ди камтыган компаниянын баалуулуктары дизайнга, колдонуучуга, үзгүлтүксүз окууга жана командалык дем берүүгө багытталган. vivo"нун максаты дүйнөлүк деңгээлдеги туруктуу корпорация болуу. Өнүгүү стратегиясын дал ушул максатына жараша түзүлгөн.

vivo мыкты компания болуу үчүн таланттуу адамдарды бириктирип, алардын жардамы менен өнүккөн технологияларды иштеп чыгууга, анын ичинде 5G, жасалма интеллект, өнөр жай дизайны, визуализация системалары жана башка акыркы технологияларга багыт алды. Бул аракеттери Шэньчжэнь, Дунгуан, Нанкин, Пекин, Ханчжоу, Шанхай, Сиань, Тайбэй, Токио жана Сан-Диегодогу 10 илимий-изилдөө борборлорунун тармагы тарабынан колдоого ээ болду. Ошондой эле, vivo Кытайда, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азияда жана башка аймактарда жылдык өндүрүмү 200 миллион смартфонду түзгөн жети өндүрүштүк базасын түздү. Өзүнүн сатуу тармагын 60тан ашык өлкөгө кеңейтти. Учурда аны дүйнө жүзү боюнча 400 миллиондон ашык колдонуучу жакшы көрөт.

(Сүрөттөгү vivo V23 смартфону. Түсүн өзгөртө алган биринчи смартфон)

* "Бенфен" – туура нерсени жасоо жана туура аракеттерди кылуу дегенди билдирет. Бул vivoнун миссиясынын эң сонун сүрөттөлүшү.

vivo"нун акыркы жаңылыктарынан кабардар болуңуз.

vivo Instagram

vivo Mobile Communication Co., Ltd.

www.vivo.com/kg

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7088