Кока-Кола Россиядагы ишмердүүлүгүн токтотту
RU

Кока-Кола Россиядагы ишмердүүлүгүн токтотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Coca-Cola компаниясы Россиядагы кампаларындагы товарлары түгөнүп жатканын жана мындан ары ал жакка жеткирилбей турганын Reuters басылмасына билдирди.

Корпорация азырынча Россияда Coca-Cola же башка бренддердин продукциясын өндүрүү жана сатууну токтотот. Бул маалыматты анын өкүлдөрү ырасташты.

Коммерсант белгилегендей, Россия Федерациясында Coca-Cola HBC компаниясынын он заводу иштейт. Компаниянын бренддерине Coca-Cola өзүнөн тышкары Sprite, Fanta, Schweppes, Dobry, Moya Semya жана BonAqua кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7118