Ташиевдин жана Бабановдун "Ата-Журт" партиясы Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна катышабы?
RU

Ташиевдин жана Бабановдун "Ата-Журт" партиясы Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна катышабы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ата-Журт" жана "Бирге-Вместе" саясий партиялар Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна катышуунун пландап жатышат. Бул тууралуу алар борбор шаардын аймактык шайлоо комиссиясына билдиришкен.

Учурда "Ата-Журт" партиясы "Республика - Ата Журт" деп аталып, Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановго катталган.

Парламенттик шайлоодо Ташиев "Мекенчил" партиясынын катарында аттанган болчу.

Ошол эле учурда дагы бир "Ата-Журт" деген партия бар, ал Ахматбек Келдибековдун атына катталган.

Бүгүнкү күндө төмөнку партиялар шайлоого катыш тургандыгын билдиришти:

  • "Легалайз".
  • "Ата Мекен".
  • "Эмгек".
  • "Бүтүн Кыргызстан".
  • "Улуу Журт".
  • "Ыйман Нуру".
  • Жашылдар.
  • "Кыргызстандын социал-демократтары".
  • "Патриот".
  • ЭДПК.
  • "Ата Журт".
  • "Бирге-Вместе".
  • "Свобода выбора".
  • "Ишеним".

Шайлоого катышуу тууралуу арызды 1-мартка чейин берсе болот.

2021-жылдын 11-апрелинде КРдин 448 жергиликтүү кеңештерине депутаттардын шайлоосу өтөт. Алардын ичинен 421 айылдык кеңеш, 27 шаардык кеңеш. БШК КРдин жергиликтүу кеңештеринин шайлоосун өткөрүүнүн чыгашалар сметасынын жалпы суммасын 425 млн 243,5 миң сом, деп калыптандырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/714