Facebook'ка комментарий жазгандыгы үчүн беш жылга кесилди
RU

Facebook'ка комментарий жазгандыгы үчүн беш жылга кесилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-февралда Бишкектин шаардык соту Камран Шенваринин иши боюнча чечим чыгарып, айыпталуучуну беш жылга эркинен ажыратты. Октябрь райондук соту мындай жазаны Facebook'тагы комментарийи үчүн берди.

Шаарыдк сот жаза өтүү мөөнөтүн үчтөн бир бөлүккө кыскартуу тууралуу мунапыска да уруксат берген жок. Ошону менен Камран Шенвари беш жылга эркинен ажыратылды. Анын адвокаттарынын даттануусун сот канааттандыруусуз калтырды.

Өзүнүн сөзүндө айыптоочу тарап, негизгисин айткан жок - айыпталуучу паспорт боюнча - Шенвари деп жазылат, ал эми айыптоочу актыда "и" менен Шинвари, деп жазылган.

Камран Шенвари акыркы сөзүндө эч кандай комментарий жазбаганын билдирди. "Колумду куранга коюп айтып жатам, мен комментарийди жазган эмесмин", - деди ал.

Эске салсак, Шенваринин жубайы Линара Мазунова Kaktus.media редакциясына кайрылып, анын күйөөсү Facebook'та белгисиз, фейк аккаунттан жазылган комментарий үчүн беш жылга кесилип жаткандыгын айтып берген. Анын күнөөсүнүн далили катары ошол профилге жарыяланган Мазунованын күйөөсүнүн сүрөтү колдонулган.

Бирок профилде анын фамилиясы туура эмес жазылган - "Шинвари" деп. Ал комментарийди Камран Шенвари жазганын сүрөттөн башка далил жок. Бирок бул сотко өкүм чыгарууга тоскоол болгон жок, дейт Линара Мазунова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/715