Күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын курамасы биринчи орунду ээледи
RU

Күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын курамасы биринчи орунду ээледи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын курама командасы биринчи орунду ээледи.

Белгилей кетсек, эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча чемпионат Бишкекте 19-26-июнь күндөрү өтөт.

Алгачкы эки күндүн жыйынтыгы боюнча 17 жашка чейинки кадеттер арасында грек-рим күрөшү боюнча мелдеш аяктап, анда он комплект медаль ойнотулду.

Кыргызстандын курама командасы төрт алтын, бир күмүш жана эки коло жеңип алды.

Жалпысынан Кыргызстандын курама командасы 182 упай топтоп, 11 катышуучу өлкөнүн ичинен командалык биринчи орунду ээледи. Экинчи орунда - Иран, үчүнчүдө Казакстандын балбандары турат.

Азыр аялдар күрөшү боюнча мелдештер болуп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7167