🍉 Дарбыздын мезгили келди! Кимдер жегенге болбойт
RU

🍉 Дарбыздын мезгили келди! Кимдер жегенге болбойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дарбыздын мезгили келди. Анын пайдаларын жана зыянын билип анан сатып алыңыз. Пайдалуу витаминдерге бай болгону менен зыяндуу жактары да жок эмес.

Пайдалары

  • Арыктоого жардам берет: Калориясы аз тамак-аштарынын катарына кирип, ток болуу сезимин берет. Бирок бир гана дарбыз менен тамактануу да болбойт. Ошондой эле дарбыз маанайды көтөрүүгө жардам берет.

  • Организмди толуктап, тазалайт: Дарбыздын 90 пайызы суудан туруп, боорду, бөйрөктү тазалап, муун ооруларынын алдын алат.

  • Теринин жана чачтын абалын жакшыртат: Дарбыз сулуулуктун ачкычы болуп эсептелинет. А витамини тери менен чачты нымдуу сактайт. Ал эми С витамини чачтын өсүүсүнө, баштын терисиндеги кан айланууга жардам берет. Чачтын кургактыгынан, алсыздыгынан арылтат. Ошондой эле беттин түсүн жакшыртат.

  • Жүрөккө жардам берет: Жүрөктөгү оорулардын өнүгүшүнүн алдын алууга жардам берет. АКШдагы Кентукки жана Пердью университетинин окумуштуулары дарбыз зыяндуу холестериндердин деңгээлин азайтууга жардам берерин аныкташкан. Ошондой эле жүрөк оорулардын пайда болуу ыктымалдуулугун азайтууга жардам берет.

Зыяны

Дарбыз оорулардын жана оор уулануулардын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан текшерилген сатуучулардан жана гигиена сакталган жерлерден гана сатып алуу сунушталат. Ашказан жарасы, диарея, метеоризм сыяктуу оорулар менен ооругандарга каршы көрсөтмөлөрү бар. Ал эми диабет менен ооругандар сактык менен колдонуп, дарыгерлер менен кеңешүүсү керек. Кош бойлуу аялдарга да көп колдонуу сунуш кылынбайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7176