Мына сага! Салмагы 300 кг болгон балык кармалды. Сүрөт
RU

Мына сага! Салмагы 300 кг болгон балык кармалды. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камбоджанын жашоочулары эң чоң балык кармашты.

Окумуштуулардын айтымында, Камбоджадагы Меконг дарыясынан табылган скаттын салмагы 300 килограмм. Ал тарыхта катталган тузсуз сууда жашаган эң чоң балык болуп саналат.

Окумуштуулар анын кыймыл-аракетине жана жүрүм-турумуна көз салып турушу үчүн электрондук белги коюп, кайра дарыяга коё беришти.

Маалым болгондой, буга чейинки рекордчунун салмагы 293 килограмм болчу жана ал 2005-жылы Таиландда кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7179