Талаага барып өкүрүп ыйлаган. Интернет жылдызы Бегимай тууралуу кызыктуу 4 факт
RU

Талаага барып өкүрүп ыйлаган. Интернет жылдызы Бегимай тууралуу кызыктуу 4 факт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин "Ынтымак" паркында дүйнөлүк хитерди аткарып, бир түндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова тууралуу кызыктуу маалыматтар.

Алты жылдан бери ырдай элек

Интернет жылдызы акыркы төрт жылдан бери апасын карап айылда турат. Шаарга келгенине бир гана жума болгон. Турмушка чыгып, кыздуу болуп, айтор, көр турмуш менен алектенип кеткенден бери колуна микрофон алып ырдай элек. Тактап айтканда, алты жылдан бери ырсыз жашап жүргөн.

Конкурстан жеңилип калганда, талаага барып өкүрүп ыйлаган

2011-жылы "Ысык-Көлдө кадыр түн" деген конкурска катышкан. Ал жерден Лара Фабиандын "Адажио" деген ырын аткарат. 34 катышуучудан, Бегимайга гана залдагы эл туруп кол чабат. Болбоду дегенде экинчи орунду алам деген Бегимай жеңилип калат. Акыйкатсыздыкка ызааланып, сахнадан алыс талаага барып алып "Эмнеге менин жолум болбойт!" деп өкүрүп ыйлаган. Ошондон кийин чоң сахнага чыгуу кыялын арткы планга жылдырып койгон.

Тушоосу башка бөбөктөрдөн айырмаланып, чоң сахнада кесилген

Бегимайга талант апасынан өткөн. Апасы убагында Тогуз-Торо району боюнча атактуу ырчы болгон. Кичинесинен апасы менен көп жерлерге гастролдоп барчу. Бир жолу айылда кыргыздын тушоо кесүү салтын чагылдырган конкурс өтөт. Айылдаштары кимдикин кесебиз деп, бала таппай калышат. Бир маалда апасынын этегинде жармашып турган кичинекей Бегимайды көрүп калышат. Ошентип интернет жылдызынын тушоосу сахнадан кесилет.

Чет элдик жаран үнүнө таңкалып колун өпкөн

Көпчүлүк Бегимайдын үнүнө ишенбей фонограмма менен ырдайт дешет. Бирок, ал такыр фонограмма менен ырдабайт. Бир жолу кафеде ырдап жатса, бир чет элдик конок жанына басып келип, колун өөп "сонун ырдайт экенсиз, бирок фонограммсы жок ырдасаңыз мындан сонун болмок" дейт. Таңкалган Бегимай жандуу эле ырдаганын айтат. Ошондо тиги жаран үнүн мактап, Бегимайдын колун дагы өбөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7180