ЭККМКнын мурунку жетекчиси Бакир Таиров СИЗОдон бошотулду. Ал тергөө менен келишимге келди
RU

ЭККМКнын мурунку жетекчиси Бакир Таиров СИЗОдон бошотулду. Ал тергөө менен келишимге келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүу мамлекеттик кызматынын мурунку жетекчиси Бакир Таиров мамлекеттин бюджетине 20 млн сом төгүп, УКМКнын СИЗОсунан бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, 2021-жылдын февраль айынын башында, ЭККМКнын мурунку төрагасы Таиров мамлекеттин бюджетине 20 млн сом төккөн. Кечээ, 17-февралда УКМКнын жана прокурордун ходатайствосу менен Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде УКМКнын СИЗОсунан бошотулду.

Эске салсак, 2020-жылы 11-декабрда УКМК мамлекеттик органдарынын биринин жетекчисинен мыйзамсыз акча алуу фактысы боюнча Бакир Таиров камакка алынгандыгын кабарлаган. Тергөөнүн версиясына ылайык, 2020-жылдын октябрында ЭККМКнын экс-төрагасы саясий партиялардын бирин финансылоо шылтоосу менен мамлекеттик органда иштеген жетекчини ири суммадагы акча каражатын берүүсүнө мажбурлаган.

Белгилей кетсек, Бакир Таиров финполицияны 2018-жылдын 28-апрелинен бери жетектеп келген. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин премьер-министр Садыр Жапаров ведомствонун төрагасы кылып Сыймык Жапыкеевди дайындаган.

Буга чейин ушундай эле суммага СИЗОдон ЭККМКнын төрагасынын мурунку орун басары Эмил Жамгырчиев жана ИИМдин жетекчисинин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууганы, милициянын генерал-майору Улукбек Өмүрзаков да бошотулган болчу. Бирок Өмүрзаковдун адвокаты ал УКМКга 20 млн сом төлөгөн эмес, деп айтып чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/718