Казиного "задний проходдон" кирип кетсе чатак болот". Депутаттын сөзү күлкү жаратты(видео)
RU

Казиного "задний проходдон" кирип кетсе чатак болот". Депутаттын сөзү күлкү жаратты(видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын жарандары казиного кире албайт деп ишендирди.

Анын айтымында, казиного келгендердин баары бетме-бет жана биометрикалык паспорттук текшерүүдөн өтөт. Андан сырткары башка дагы жарандыгы барларды казиного кирүүгө жол бербөөчү механизмди киргизүү пландалууда.

Коргонбай уулу кыргызстандыктарды казиного киргизбөө үчүн министрлер кабинети бардык чараларды көрүшү керектигин айтты.

"Мунун айынан көп үй-бүлө жабыркаган. Анан "задний проходдон" кирип кетсе чатак болот", - деди депутат.

Бул сөз жыйын залында күлкү жаратты.

Буга чейин ал да ажатканада кагаз жок деп күлдүргөн эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7193