Камчыбек Ташиев: Азыр ыймандын артына жашынып жаткандар мурун казинодон чыкпай жүргөн
RU

Камчыбек Ташиев: Азыр ыймандын артына жашынып жаткандар мурун казинодон чыкпай жүргөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев казинолор тууралуу мыйзам күчүнө кирсе, кыргызстандыктар азыр ойноп жаткан онлайн казино, бардык чет элдик серверлер жабыларын билдирди.

Ал Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында казиного КР жарандары барбашы үчүн адам эмес, мыйзам кепилдик бере аларын билдирди.

"Көпчүлүгүңүздөр адеп-ахлак, динди кошуп туура сүйлөп жатасыздар. Баарыбыз эле намаз окуган жигиттербиз. Бирок, азыр ыймандын артына жашынгандар мурун эмне кылып жүргөндөрүн билем. Кайсы акча алмаштыруучу жайды иштетип, канча пайыздык ставка менен каражат берип жатканыңар тууралуу маалыматым бар. "Ыйман" деп коюп канча акчаны каерге алып барып берип жатканыңар документалдуу сакталган. Ыйманды айтып отурган депутаттардын казиного барып чыга албай, күнү-түнү жаткандары бар. Ал депутаттарды баарыбыз билебиз. Банкрот болуп калып кеткендер ушул жерде сүйлөп отурасыңар. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, бул маселеден саясат кылаардан мурун, мамлететти багууну ойлонолу, жакшылап ойлонгула", - деди Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7195