Беш жылдан бери издөөдө жүргөн террористтик уюмдун мүчөсү кармалды
RU

Беш жылдан бери издөөдө жүргөн террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Атайын кызматтар 2015-жылы Бишкекте терракт өткөрүүнү пландаган Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

2021-жылдын 16-февралында КР УКМК Эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюуу боюнча жүргүзүлгөн контртеррористик иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынан мурда издөөдө жүргөн тыюу салынган уюмдун мүчөсү Кыргыз Республикасынын жараны С.А.С. кармалды.

Такталгандай, кармалган адам ЭТУ мүчөсү болгон жана 2015-жылы жайында, Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө качып кутулуп, андан кийин жашыруун терросттик уюмдардын курамында жүрүп өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Тергөөдөгү кылмыш иштеринин алкагында аталган адам кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иш-чаралары улантылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/719