Россияда бир ай мурун жумушка орношкон кыргызстандык мигрант каза болду
RU

Россияда бир ай мурун жумушка орношкон кыргызстандык мигрант каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Иркутск облусунда Кыргызстандын 1973-жылы туулган жараны Т.М. каза болду.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал бир ай мурун тоо кен ишканасына жумушка орношуу үчүн келгени аныкталган.

17-июнда ден соолугу кескин начарлап кеткен кыргызстандык Иркутск облусунун Перевоз айылындагы медициналык мекемеге жаткырылып, 22-июнда каза болгон.

Учурда кыргызстандыктын сөөгү Бодайбо өлүкканасына жеткирилип, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7223