"Күндөн сактанайын дегем". Айнегин караңгылатып айыпка жыгылган тракторчу капаланды(видео)
RU

"Күндөн сактанайын дегем". Айнегин караңгылатып айыпка жыгылган тракторчу капаланды(видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айнегин караңгылатып алган тракторчуга 20 миң сом айып салынган. Ал айып салууга каршы экенин айткан видео тарады.

Трактордун айдоочусу, Ноокаттык дыйкан ысыктан сактануу үчүн тракторунун айнегин караңгылатып алганын айткан.

"Ушул мыйзамды жазган парламенттегилер могу штрафты карагылачы? Жер салыгын азайтабыз дейсиңер, жыйынтыгын карагыла? Талаада иштеп жүргөндө күндөн калкаланайын деп муну чаптап алгам. Мен эмне муну тагып барып банкты тономок белем? Бул үчүн мага 20 миң сом айып салышты. 6 миң сомун төлөп келдим. Бул мыйзамды сабатсыз адам жазат? Ушундай тонировка үчүн дагы 20 миң сом айып салабы?" - дейт айдоочу.

Эске салсак, автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин акы төлөп караңгылатып жүрүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алынган. Эгер мыйзамсыз караңгылатса айыпка тартылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7234