Япония Кыргызстанга 7 миллион доллар грант бөлөт
RU

Япония Кыргызстанга 7 миллион доллар грант бөлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Ош унаа жолун муздан жана кардан коргоо үчүн Япония өкмөтү Кыргызстанга 1 миллиард 33 миллион жапон йени өлчөмүндө грант бөлөт. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.

"Мен япон элине ыраазычылыгымды билдиргим келет! Яапон өкмөтүнө бул эмне үчүн керек экенин билбейм, бирок алар бизге 1 миллиард 33 миллион япон иен, доллар менен алганда 7 миллион 642 грант берүүнү чечишкен.

Каражат жолдун он чакырымын, тактап айтканда, Төө-Ашуу ашуу жана Ала-Бел ашуусуна жакын жолдорду өзгөчө кырдаалдардан коргоого жумшалат.

Кыргыз элине ушундай пайдалуу грант берген япон элине рахмат!",-деп жазды Дастан Бекешев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7248