Токмокто кудук казып жаткан үч адам каза болду
RU

Токмокто кудук казып жаткан үч адам каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмокто кудук казып жаткан үч адам аба жетпей каза болду. Ал эми дагы экөөнүн абалы оор.

Маалым болгондой, бир топ адамдар курулуш материалдары базарынын аймагында кудук казып жатышкан. Эң ылдыйдагы жумушчулардын бири бир убакта байланышка чыкпай калат. Белгилүү болгондой, ал аба жетпей эсин жоготуп койгон. Ага жардам берем деп түшкөн, экинчи жана үчүнчү адам дагы эсин жоготот.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруу кызматы барган. Куткаруучулар тирүү болгон эки кишини алып чыгып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен, андан соң каза болгон үч адамдын сөөгүн алып чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7260