Операция менен арыктайм деген аял көз жумду. Окуянын чоо-жайы
RU

Операция менен арыктайм деген аял көз жумду. Окуянын чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өткөн аптада 40 жаштагы Айдай липосакциядан кийин (операция менен майын сордуруу) Улуттук госпиталда көз жумган. Окуянын чоо-жайы кыскача.

Айдай 10-июнь күнү туугандарына эскертпей липосакцияга барган. Ал хирургду Instagram баракчасынан тапкан. Операция болгондон кийин гана туугандарына чалып, абалы начар экенин айткан. Ал эми дарыгерлер маркумдун жакындарына баары жайында деп ишендиришкен.

Ал Улуттук госпиталга 14-июнь күнү тез жардам кызматы менен жеткирилип, комага түшкөн. Дарыгерлер перитонит деген диагноз коюп, операция бул диагнозду тастыктаган. Көрсөтүлгөн жардамга карабастан, аял бир-эки күндөн кийин каза болгон.

Улуттук госпиталдын дарыгерлери Айдай оор абалда жеткирилгенин баса белгилешүүдө. Анын көп органы иштебей калып каза болгон.

Айдайдын жакындары липосакция учурунда ичегилери жабыркап калганын айтышууда. Ошондуктан перитонит күчөгөн деп эсептешет. Улуттук госпиталдын дарыгерлери окуянын себептерин айтуу алардын компетенциясына кирбей турганын белгилешти.

Факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Медицина кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы" беренеси боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Керектүү экспертизалар дайындалды.

Экспертиза болжол менен эки жумада даяр болот? Эксперттер гистологиялык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат. Андан соң корутунду чыгарылат.

Маалыматка ылайык, липосакция жасаган врач маркумдун жакындары менен жаңжалдашкан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул клиниканын пластикалык операцияга лицензиясы бар экенин белгилешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7275