УКМКнын кызматкеримин деп имамдардан 1500 доллар талап кылган адам кармалды
RU

УКМКнын кызматкеримин деп имамдардан 1500 доллар талап кылган адам кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкеримин деп кызын дарылатуу үчүн имамдардан акча талап кылган киши кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 24-июнда Сузак районунун Бек-Абад айылындагы "Жума" мечитинин имамы менен Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын баш имамы күч органдарынан жардам сурашкан. Алардын айтымында, өзүнүн УКМКнын кызматкери катары күбөлүгүн көрсөтүп, ооруп жаткан кызына жардам керектигин айтып, имамдардан 1500 доллар талап кылган.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү 14 миң сом өлчөмүндөгү паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалган. Тинтүү учурунда алар УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын башка аталыштагы No000479 сандуу расмий маалымкатын табышкан.

Кармалган жаран УКМКда иштебегени белгилүү болду. Ал Ош шаарындагы СИЗОго киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7278