Райымбек Матраимов Айеркен Саймаитинин иши боюнча камакка алынды
RU

Райымбек Матраимов Айеркен Саймаитинин иши боюнча камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов Айеркен Саймаитинин иши боюнча УКМКнын кызматкерлери тарабынан камакка алынды. Бул тууралуу Kaktus.media'га укук коргоо органдарындагы булак маалымдады.

Козголгон иштин деталдары азырынча белгисиз. Мурунку чиновник бүгүн, саат 15:00дон тартып УКМКда сурак берип жатканы гана белгилүү. Ал эки күнгө камакка алынды. Бул убакыт аралыктын ичинде сот бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басарына жаза тартуу чарасын аныктоого тийиш.

Эске салсак, 2020-жылдын 20-октябрында УКМК бажы кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Райымбек Матраимовду камакка алынган. Тергөө Матраимовдун бюджетке келтирген зыяны 2 млрд сом деп баа берди. Ага жооп катары Матраимов тергөө менен кызматташып, көрсөтүлгөн сумманы төлөп берүүгө милдеттенген. Бул өтүнүч арызы Матраимов мамлекетке зыян келтирген жана коррупция менен алектенгенин моюнга алды дегендик.

КРдин Кылмыш кодексинин 319 "Коррупция" беренесине ылайык, ал 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы керек болчу. Бирок, Матраимов айып пул менен эле кутулуп кетти.

АКШнин бийлиги Райымбек Матраимовду жана анын аялы Уулкан Тургунованы Магнитский тизмесине киргизген. Кийинчерээк жубайлар фамилияларын өзгөртүп алганы белгилүү болду. Эми алар Райым Ысмайылов жана Уулкан Сулайманова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/727