Таежесинин колунда калган 3 жашар наристе, башы жарылып бейтапканага түштү. Сүрөт
RU

Таежесинин колунда калган 3 жашар наристе, башы жарылып бейтапканага түштү. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

27-июнь күнү Алай райондук бейтапканансына денесинен жаарат алган наристе келип түшкөн. Аталган билдирүү РИИБде каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Текшерүү учурунда, Чоӊ-Алай районунун Кашка-Суу айылынын тургуну 40 жаштагы И. Н. аялы 33 жаштагы Р. А менен Сары-Могол айылына көчүп келип ар кимдин үйүндө убактылуу жашап жүрүшкөн. 6-март күнү Р.А.нын бир тууган сиңдиси 22 жаштагы Р.Ж. өзүнүн үч жаштагы Н. аттуу баласын жай мезгилине чейин карап туруу үчүн таштап кетип, бүгүнкү күнгө чейин байланышкан эмес.

Р. А баланы карап жүргөндө ур-токмокко алган. Бирок күйөөсү экөө аны ооруканага көрсөтпөстөн, үйүндө карап жүрүшкөн. Баланын денесиндеги жаракаттарды кошуналары байкап калып, социалдык кызматкерлерге билдиришкен.

Кызматкерлер айтылган дарекке барганда үч жашар баланын денесинде ар кандай жаракаттарды: колдору-буттары көгөргөн, башы жарылган жана сыйрылганын көрүшкөн. Аны Сары-Могол айылдык ооруканасына алып барышып, андан кийин Алай райондук Жалпы дарыгерлердин практикалык борборуна алып келишкен.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, баланын ата-энесин жана анын өздүгүн аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7281