Үч мас милиция кызматкерин сабашты. Шектелүүчүлөр камакка алынды
RU

Үч мас милиция кызматкерин сабашты. Шектелүүчүлөр камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Панфилов районунда укук коргоо органдарына кол салды деп шектелген жарандар кармалды. Мындй маалыматты Чүй облусунун ОИИБси берди.

2021-жылдын 16-февраль күнү Панфилов РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Чалдовар айылындагы эсепке алуу постунда милиция кызматкерине кол салуу болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган маалыматты алган соң дароо ыкчам-тергөө кызматты чыккан.

16-февраль күнү, болжол менен саат 16:00 чамасында, мас абалындагы белгисиз адамдар эч себепсиз ошол жактагы кызматын өтөп жаткан кызматкерди ур-токмокко алып окуя болгон жерден качып кеткендиги белгилүү болгон.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кылмыштын бетин ачуу максатында Панфилов РИИБнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан бир топ ыкчам издөө иш-аракеттери жүргүзүлгөн.

Натыйжасында 18-февраль күнү бул кылмышка тиешеси бар 2000-жылы туулган К.Н. кармалып, убактылуу кармаочу жайга камакка алынган. Кийин дагы эки шектүү 1999-жылы туулган Т.А., жана К.А., адамдар кармалып, тергөө иш амалдарын жүргүзүү үчүн тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда бардык керектелүүчү экспертизалар дайындалган. Тергөө иш амалдары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/729