Москвадагы Матраимов тапкан акчасын милицияга кайтарып берди
RU

Москвадагы Матраимов тапкан акчасын милицияга кайтарып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвадагы мектептердин биринде дворник болуп иштеген Шамарбек Матраимов таап алган акчасын милицияга өткөрүп берди. Ал короону тазалап жатканда таштанды салган контейнерден 1000 доллар жана 80 000 рубль тапкан.

"Мен коркуп кеттим, анан атайын жасалган иш, кийин чоң сумма талап кылышат деп ойлодум. Участкалык милиционерге бардым, кийин оперативдүү кызматкерлер келишти, баарын каттатып койдум. Бул бирөөнүн акчасы, кимдир-бирөө ойлонуп, кабатыр болуп жатат. Аны алсам байып деле кетмек эмесмин", - деди ал.

Акчалар чүпүрөк баштыкка оролгондуктан, Шамарбек үйүн тазалап жаткан бирөө билбей ыргытып жибериши мүмкүн деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7305