Санкт-Петербургда кыргызстандык аялды мекендеши зордуктады
RU

Санкт-Петербургда кыргызстандык аялды мекендеши зордуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Санкт-Петербургда 31 жаштагы кыргызстандык аялды мекендеши зордуктап, андан кийин тоноп кеткен.

Кылмышка шектүү 27 жаштагы Кыргызстандын жараны болуп чыкты. Полиция аны окуя болгон күнү дароо кармады.

Маалым болгондой, экөө чогуу спирт ичимдиктерин ичип отурган, андан соң жигит жердешине физикалык күч колдонуп зордуктап, андан соң паспортун, уюлдук телефонун жана акчасын уурдап кеткен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7324