Ошто сүйлөшкөн кызынын артынан жигитинин сөөгү табылды
RU

Ошто сүйлөшкөн кызынын артынан жигитинин сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-июнь күнү Ак-Буура дарыясынын боюнан 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган.

Маркум ОшМУнун медициналык колледжинин 2-курсунун студенти болуп чыккан. Өлөрдөн бир күн мурун жигити менен жолукканы маалым болгон.

Көп өтпөй жигиттин туугандары анын жоголуп кеткенин айтып укук коргоо органдарына кайрылган. Окуядан бир күн мурун (кыздын жанысыз денеси табылганга чейин) ал сүйлөшкөн кызы менен чогуу болгону айтылган.

Жигиттин жансыз денеси бүгүн саат 09:30дарда Набережная көчөсүндөгү каналдан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Каза болгонго чейин, кыз жатаканасына келип, бөлмөдөгү кошуналарына "же ал жок болот, же мен жок болом" деп айтып, уктап калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7335