"Кыргызское взморье" пансионатын басып алды деген билдирүү боюнча милиция маалымат берди
RU

"Кыргызское взморье" пансионатын басып алды деген билдирүү боюнча милиция маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун ОИИБси "Кыргызское взморье" пансионатын жергиликтүү тургундар жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү басып алды, деп соцтармактарга жайылып кеткен билдирүү боюнча Kаktus.media'га маалымат берди.

Социалдык тармактарга Бостери айылында жайгашкан "Кыргызское взморье" пансионатын басып алышты деген маалымат чыгаары менен милиция пансионаттын директору менен байланышкан. Ал бул маалыматты жөн гана ушак деп айткан.

Пансионаттын директору жергиликтүү милиция кызматкерлери жана кылмыштуу топ менен иш алып барган ыкчам тобуна: ага эч ким келип, коркутуп, өз каалооң менен кетип калуу арызын жаз, деп кыйнаган эмес, деп билдирген экен.

Белгилей кетсек, "Кыргызское взморье" пансионатынын директору Джалил Бозгорпоев менен Kaktus.media байланышканда да, ага эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок, жана ал штаттык режимде жумушун улантып жаткандыгын тастыктаган.

"Мага тиги же бул маселеси менен көп эле адамдар кайрылышат, анын ичинде арендаторлор дагы. Айрымдары менен жакшы сүйлөшсөк, айрымдары менен тил табыша албай калабыз. Балким ошондон улам пансионаттын жамааты тынчсызданып баштаган. Бирок, мен бардыгы жайында, мага эч ким кысым көрсөткөн жок, деп ишендирип айтып кетем", - деп Бозгорпоев сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/733