Жакшы жаңылык! Оштон Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды ✈️ (график)
RU

Жакшы жаңылык! Оштон Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды ✈️ (график)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштон Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды. Бүгүн, 1-июлда Тамчыдагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту өлкөнүн түштүгүнөн биринчи каттамды кабыл алды. Бул тууралуу "МАМ" ААК билдирди.

Оштон биринчи рейс менен 100 жүргүнчү келсе, 96сы кайра учуп кеткен.

"Tez Jet" авиакомпаниясы Ош – Тамчы – Ош багыты боюнча жумасына алты жолу (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү) учууну пландаштырууда.

Каттам сентябрга чейин ачык болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7342