Эми Алматыдан Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды
RU

Эми Алматыдан Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алматыдан Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды. Учуу убактысы 40 мүнөт. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

SCAT авиакомпаниясы Алматы-Тамчы-Алматы багыты боюнча авиакаттамдарды жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарат. Жумасына 4 каттамга чейин көбөйтүү пландалууда.

Буга чейин "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 1-июлда Алматыдан биринчи каттамды кабыл алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7353