"Ала-Тоо" аквапаркында каза болгон окуучунун апасынын бутуна протез салынды
RU

"Ала-Тоо" аквапаркында каза болгон окуучунун апасынын бутуна протез салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ала-Тоо" аквапаркында каза болгон окуучунун апасына Түркияда операция жасалды. Буга чейин SuperTV берген маектеринде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгени тууралуу айткан.

"Төрөтканада дарыгерлердин шалаакылыгынан улам бутум чыгып кеткен. Кийинчерээк протез салып, ошону менен жүрдүм. Балам каза болгондо барып, туура эмес кыймылдап бутумду кайрып алгам. Түркияга келип, жабыркаган бутума операция жасатып, жаңы протез салдырдым",- деди Асель айым.

Асель баласына жашайм деп сөз бергенин, күчтүү болушу керек экенин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7366