Таласта газга ууланган таза суу ишканасынын жумушчусу каза болду
RU

Таласта газга ууланган таза суу ишканасынын жумушчусу каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас шаарында кудукта тазалоо иштерин жүргүзүү учурунда газга ууланган таза суу ишканасынын жумушчуларынын бири каза болду. Бул туурасында Талас шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык таза суу ишканасынан тастыкташты.

Мекемеден кабарлашкандай, 58 жаштагы жумушчу бүгүн, 4-июлда эртең менен көз жумду. Ал Талас облустук ооруканасында эс-учун билбеген абалда жаткан.

Белгилей кетсек, 28-июнда саат 10:00 чамасында Талас шаарынын Чубак Сатаев көчөсү менен Турдалиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан үйдү суу каптап, таза суу ишканасынын төрт кызматкери кудукка түшүп, оңдоо иштерин жүргүзө башташкан. Тереңдиги болжол менен 2,5 метр болгон кудукту оңдоп жатканда көмүр газы пайда болуп, ошол жерден бир жумушчу ээси ооп кулаган. Андан кийин экинчи кызматкери секирип түшүп, аны куткарам деген кызматкер дагы кулаган. Үчүнчүсү дагы жардам берем деп жатып, ал дагы ээси ооп кулаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7370