Кыздарына арнап той өткөргөн жылдыздар (cүрөт)
RU

Кыздарына арнап той өткөргөн жылдыздар (cүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Узап кеткен дем алыш күндөрү шоу-бизнестин айрым өкүлдөрү кыздарына арнап той өткөрүп, калың элден бата алышты.

Алсак, ырчылар Аскат Мусабеков менен Миргүл Асаналиева кызы Айданектин тушоосун кесип, борбордогу тойканалардын бирине жакындарын топтошту. Жакшылыкка эки жаштын санаалаштары, кесиптештери, жоро-жолдоштору ортоктош болушту.

Ал эми "Кыз-Бурак" тобунун мурдагы солисти, ырчы Азалия Дүйшөналиева менен жолдошу Данияр Түркиядан келери менен кызынын жентек тоюн өткөрүштү. Ырчынын айтымында, тойго Стамбулда жүргөндө эле даярдык көрүп башташкан.

"Биз Стамбулда жүргөндө эле тойго даярдык көрө баштаганбыз. Кайын сиңдим менен күйөө балабыз уюштуруу иштерин моюнга алышкан. Жүгүрүп жардам беришти. Биз Түркиядан келип, бир аптага жетпей эле чакан той бердик. Эң жакын адамдарыбызды чакырып, кызыбызга бата алып, мындан ары тойлор эле болсун деп ырымын кылдык. Кызыбыз Түркияда төрөлгөндүктөн чоң атасы, чоң апасы, таята, таенеси аябай күтүшкөн. Учурда ата-энелерибиз небересинин жытына тойбой жаткан мезгили", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7372