Түркиядан бөйрөгүн алмаштырары күтүлүп жаткан Нуржаасын Жумагуловдун сапары жылдырылды
RU

Түркиядан бөйрөгүн алмаштырары күтүлүп жаткан Нуржаасын Жумагуловдун сапары жылдырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эки бөйрөгүнөн жабыркап, алмаштырууга муктаж болуп жаткан актёр Нуржаасын Жумагуловдун Түркияга сапары жылдырылды. Актёрдун айтымында, бул Курман айт майрамына байланыштуу.

"Акыбалым жакшы, диализ алып жатам. Июль айынын башында Түркияга баралы деп жатканбыз. Бирок түрктөр Курман айт майрамын 10 күн белгилейт экен. Ошондон улам биздин сапарыбыз жылдырылды. Буюрса, 17-июлда кетебиз", - дейт ал.

"Мегатой", "Миң бир түн", "Жетикс", "Напарниктер" жана башка кинолордо роль ойноп, спектаклдерде образ жараткан актёр 2 жылдан бери бөйрөк оорусу менен жабыркап келет. Анын эки бөйрөгү тең жабыркагандыктан учурда гемодиализ алууда.

Нуржаасын Жумагулов Түркия мамлекетинен бөйрөгүн алмаштырат. Ага апасы жана бөлөсү донор боло аларын Кыргызстандагы медициналык текшерүү тастыктаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7384