Орусиянын жана Кытай элчилигинин имараттарынан жардыруучу зат табылган жок
RU

Орусиянын жана Кытай элчилигинин имараттарынан жардыруучу зат табылган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Орусиянын жана Кытай элчилигинин имараттарында бомба бар делинип, жеринде укук коргоочулар иш алып барышты. Бишкек ШИИББдин маалымат кызматынан белгилешкендей, билдирүү бүгүн, 5-июлда саат 10:45те түшкөн.

Жерине райондук бөлүмдөрдүн ыкчам тергөө топтору, сапёрлор жана кинологдор барышты. Издөө иштеринин жүрүшүндө аталган элчиликтердин имараттарынан эч кандай жардыруучу зат табылган жок.

Бул факты каттоого алынды, окуянын жагдайларын кийинчерээк айтышарын белгилешти башкы башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7393