Ленин райондук сотунун диплому жасалма болуп чыкты
RU

Ленин райондук сотунун диплому жасалма болуп чыкты

Все самое интересное в Telegram

УКМК тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дипломдору текшерилүүдө. Жүргүзүлүп жаткан текшерүүнүн алкагында 4-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын диплому мыйзамсыз экени такталды.

Улуттук коопсуздук комитетинин билдирүүсүнө ылайык, судья 2003-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин 3-курсунда окуп жүрүп, ушул эле окуу жайдын юридикалык факультетинин 1-курсуна мыйзамсыз түрдө тапшырган. Дипломду мыйзамсыз алуу фактысы боюнча 337-берененин 2-бөлүмүнүн (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду.

"Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары, анын ичинде судьянын жогорку билими тууралуу жасалма дипломду пайдалануу фактысын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө", - дап айтылат билдирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7396