Райымбек Матраимовдун тарапташтары Кара-Суу районунда митингге чыгышты
RU

Райымбек Матраимовдун тарапташтары Кара-Суу районунда митингге чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-февралда, Кара-Суу районунда Райымбек Матраимовдун тарапташтары митингге чыгышты.

Мындан мурун Матраимовго жакын адамдардын бири Мунарбек Сайпидинов адамдарды жума намаздан кийин Матраимов салган мечиттин алдына чогулууга чакырган. Ошондой эле митингди Бишкектен уюштурууга Элнура Алканова да үндөдү.

Кара-Сууда өткөн митингди видеого тартып, интернет колдонуучулар жарыялап жатышат, анда Кара-Суу районунда эркектердин колоннасы басып баратканын көрсө болот. Алар Матраимовду колдгон жана аны боштондукка чыгарууну талап кылган плакаттарды көтөрүп алышкан.

Эске салсак, кечээ, 18-февралда, УКМК Райымбек Матраимовду мыйзамсыз байыган деп, камакка алган. Жакынкы аралыкта, сот бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басарына жаза тартуу чарасын аныктоого тийиш. Матраимовдун тарапташтарынын пикири боюнча, аны СИЗОдо калтырып коюушу да мүмкүн.

Мындан бир нече убакыт мурун Матраимовго карата козголгон коррупция боюнча кылмыш иши жыйынтыкталган. Ал мамлекетке 2 млрд 260 миң сом айып пул төккөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/740