Бишкектиктерди таштанды сорттоого үйрөтүшөт
RU

Бишкектиктерди таштанды сорттоого үйрөтүшөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бишкек санитардык полигон" муниципалдык ишканасы тиричилик таштандыларын акыр-чикир контейнерлерине сорттоп салуу боюнча пилоттук долбоорду баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Долбоор Октябрь районунда иштеп жатат. Ага азырынча бюджеттен акча корогон жок, колдоо жагын акимиат, муниципалдык аймактык башкармалык, жеке компаниялар жана райондун активисттери колго алган.

"Таштандыларды тамак-аш калдыктарына жана кайра иштетиле турган катуу таштандыларга бөлүү шаардын экологиясына келтирилген зыянды азайтууга мүмкүндүк берет. Анткени айрым түрлөрү 100 жылдан 500 жылга чейин сакталып, ал эми метан бөлүп чыгарган тамак-аш калдыктары таштанды полигонунда өрткө жана түтүндүн чыгышына алып келет", - деп билдирди мэрия.

Таштанды салуучу контейнерлерге атайын стикерлер чапталып, анда айнек, кагаз, желим, темир жана тамак-аш калдыктары деп жазылат. Челектердин жанында ыктыярчылар шаар тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, таштандыны бөлүп салып, тазалыкты сактап турушат.

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында үч багытта чечим кабыл алууга болот:

  • социалдык - шаардын таштанды жайларын эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу, видеобайкоо, жарык орнотуу жана башка.
  • акыр-чикирдин морфологиялык анализинин жыйынтыгы менен тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу;
  • жеке компанияларды тартуу жана шаардын кирешесин көбөйтүү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/741