Маршруткада жыныстык мүчөсүн жашы жете элек кызга сүрткөн жигит изделүүдө. Видео
RU

Маршруткада жыныстык мүчөсүн жашы жете элек кызга сүрткөн жигит изделүүдө. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 6-июль күнү Бишкектин тургуну маршруткада белгисиз адам аялдарга жана жашы жете элек кыздарга ыдык көрсөткөнүн билдирди.

"Бүгүн 17:30дар чамасында №164 маршруткага түшкөн белгисиз жаран жыныс мүчөсү менен аялдарга сүйкөнүп жатты. Ал Москва менен Совет көчөсүнөн отурган. Маршрутка тыгын болчу, мен эшиктин алдында тургам, ал мага жабыша баштады. Башында эмне болуп жатканын түшүнгөн жокмун, тыгын деп ойлогом. Кийин аны жаман көзүм менен карадым. Ал менден ары жылып кетти да, башкаларга сүйкөнө баштады.

Көк-Жар кичи районуна келдик. Бул арада мен андан көзүмдү алган жокмун. Бир убакта ал 13-14 жаштагы жашы жете элек кызга жыныстык мүчөсүн сүртүп баштады. Мен ага кыйкырдым, ал Ахунбаев менен Молдокулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамадан дароо түшүп кетти. Анын артынан чуркап түшүп, кууп жөнөдүм, өзүм шок абалында болчум. Тилекке каршы, маршруткада видео тарта албадым", - деп жазды @arsenovami колдонуучусу.

Бул окуя Октябрь РИИБисине катталып, белгисиз жаранды издөө иштери башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7427