Курман айтта жылкы курмандыкка чалынбайт. Муфтияттын билдирүүсү
RU

Курман айтта жылкы курмандыкка чалынбайт. Муфтияттын билдирүүсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Курман айт майрамы быйыл 9-июлда белгиленет. Буга байланыштуу курмандык чалуунун эрежелери боюнча, муфтияттын билдирүүсүн сунуштайбыз.

Бодо малдар гана курмандыкка чалынат

Курмандыкка бодо малдар: төө, уй жана койлор жарайт. Жапайы кийик, аркар-кулжа жана элик сыяктуулар курмандыкка жарабайт.

Жылкы болбойт

Жылкы курмандыкка чалынбайт. Уйлардын катарына топоз, койлордун катарына эчки кирет.

Малдын жашы

Төө төрткө толуп бешке кетиш керек. Уйлар эки жаштан өйдө болуусу зарыл. Ал эми койдун козусу жана эчкинин улагы алты айдан ашкан болушу шарт.

Мал бүтүн болсун

Сокур, чалыр, аксак, оорукчан, өтө арык, кулагы жана куйругу таптакыр кесилгендер курмандыкка жарабайт. Ал эми кулагы же куйругу бир аз кесилген жана бычылган мал жарайт.

Малдын саны

Кой менен эчкинин курмандыгы бир адамдын атынан болот. Ал эми төө менен уйду жети адамга чейин же андан кем адам чалуусу зарыл. Жети адамдан ашса болбойт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7429