Зордуктоого шектелгендерди бошоткон судья кызматтан кетти
RU

Зордуктоого шектелгендерди бошоткон судья кызматтан кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өспүрүм кызды зордуктоого шектелгендерди бошоткон судья Жаналы Батырбеков өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, судья сот бийлигинин кадыр-баркына көлөкө түшүргөнү үчүн жумуштан кетүүнү чечкен.

Зордуктоого шектелгендердин бошотулганы жөнүндө кабар көп жарыялангандан кийин жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков иштин чоо-жайына реакция жасаган. Жыйынтыгында судьянын аракетинен өспүрүмдүн укугу тебеленген деп тааныганы айтылат.

Белгилей кетсек, Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө жабырлануучунун апасы кайрылган. Былтыр 13-августтан 14-августка караган түнү жашы жете элек кызын зордуктап кетишкен.

Иш сотто карала элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7454