Курманбек Бакиев: Атамбаев эки айдан кийин эле отставкага кетем деп чыккан
RU

Курманбек Бакиев: Атамбаев эки айдан кийин эле отставкага кетем деп чыккан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев "Жаңы ордо" гезитине жаңы маек берди. Эгерде анын иши боюнча тергөөчүлөр Минскиге келишсе, алар менен жолугушууга даяр экенин билдирди.

Ал Алмазбек Атамбаев тууралуу сөз кылып,

Бакиевдин айтымында, Алмазбек Атамбаев мени премьер-министрликке дайындаңыз деп өзү суранып келген. Экс-президенттин айтымында, Атамбаев бийлик менен оппозициянын ортосунда көпүрө болом деп убада кылган. Ошонү менен Бакиевди премьер-министрликке дайындоого ынандырган.

"Аны дайындагандан бир аз убакытта эле аны кечки алты-жетиден кийин Ак үйдөн таппай калып жаттым. Ал үйүнө кетип калат экен. Бул кантип болсун президент болуп мен отурсам ал эрте кетип калат деп жүрдүм", - деди Бакиев.

Бакиевдин айтымында эки айдан кийин эле Атамбаев өзү бул кызматтан тажагандыктан, отставкага кетүүнү суранган. Бакиев анын шерменде болушун каалабай ишин улантууга көндүргөн. Атамбаев бул кызматта 2007-жылдын аягына чейин иштейт.

Ошол эле учурда Бакиев Атамбаевди премьер-министрликке дайындаганына дагы эле өкүнүп жатканын кошумчалады. Ал бул дайындоону эң чоң ката деп атады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7465