Паразиттерди жоготушубуз керек. Атабеков 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча үн катты
RU

Паразиттерди жоготушубуз керек. Атабеков 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү ырчы Мирбек Атабеков зордукталган 13 жаштагы кыздын тагдырына кайдыгер карабай, элди жардамга чакырды.

"Акыркы учурда социалдык тармактарда 13 жашар мекендешибиздин зордукталышы тууралуу көп резонанстар пайда болуп жатат. Сөзсүз кылмышкерлер жазасын алып, жоопкерчиликке тартылышын бийликтен, атайын органдардан талап кылабыз.

Учурда карындашыбыздын үй-бүлөсү өтө начар абалда. Апасы ооруйт экен, атасы мигрант болуп жаңы келиптир. Азык-түлүк, дары-дармек жетишсиз болуп жатыптыр. Баарыбыз өз салыбызды кошуп, жардам берели.

Чогуу биригип мындай нерсеге жол бербешибиз керек. Мындай нерселер айтылбаса, эскерилбесе, ошондой зордук-зомбулукка жол берген педофилдер өз ишин кылып жүрө берет. Кыргыз эли, биз улуу элбиз, мындай нерсе болгон эмес. Жалпы бир 7 миллион кыргыздын ичинен, болбогон ушундай бир адамдар үчүн, бардык кыргыз эли, жаман ойго, кайгыга батып жатат. Ушундай паразиттерди биз жоготушубуз керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7485