Ысык-Көлдө ала качылды деген 16 жаштагы кыз чоң энесинин үйүндө болгон
RU

Ысык-Көлдө ала качылды деген 16 жаштагы кыз чоң энесинин үйүндө болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө 16 жаштагы кызды никеге туруу максатында ала качкан деген окуянын жаңы жагдайлары белгилүү болду. Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-июлда Түп РИИБинин кызматкерлери ала качылды деген кыздын ата-энесинин үйүнө көрсөтмө алуу үчүн барышкан.

Анда кыздын апасы милиция кызматкерлери барардын алдында кызын үйүнө алып келгенин айтып, ала качты деген маалыматты четке какты. Ал окуя болордон бир күн мурда кызын көп убактысын телефон кароо менен өткөрүп жатканын айтып урушканын, кызы таарынып чоң энесиникине кетип калганын билдирди. Өспүрүм кыз да апасынын айткандарын ырастады. Бул сөздөрдү кыздын атасы да тастыктап, ала качты деген кара-балталык жигитти тааныбай турганын кошумчалады.

Түп РИИБдин маалымат кызматы учурда сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин Ысык-Көл облусунда 16 жаштагы кызды никеге туруу максатында ала качышты деп милицияга 1965-жылы туулган Д.Х. аттуу жаран кайрылган. Арыз ээси уурдалды делинген кыз менен сүйлөшүп жүргөн жигиттин атасы экени кабарланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7499