Өлкөнүн алдыңкы делинген бүтүрүүчүлөрү "Алтын сертификаттарды" алышты
RU

Өлкөнүн алдыңкы делинген бүтүрүүчүлөрү "Алтын сертификаттарды" алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-июлда жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган орто мектеп жана лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө "Алтын сертификаттар" тапшырылды. Бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.

Президент Садыр Жапаров бүтүрүүчүлөрдү куттуктап жатып аларга тарбия, билим берген ата-энелер менен мугалимдерге ыраазчылыгын билдирди.

Кыргызстандын келечеги билимдүү жаштардын колунда деп баса белгилеп, билим берүү системасына комплекстүү чара көрүүнү колго алып келебиз. Мына ошол өлкөбүздүн үмүтү болгон кыргыз элинин таланттуу, билимдүү, мыкты, алдыңкы бүтүрүүчүлөрү менен бүгүн жолугушуп, жүз көрүшүп жатканыма абдан кубанычтамын.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку баллга ээ болгон бүтүрүүчүлөр менен ата-энелери, окуткан мугалимдери эле сыймыктанбастан, баарыбыз – жалпы Кыргызстан эли сыймыктанып турабыз. Окуучуларыбызга дем берген, күч берген, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон, алга сүрөгөн мугалимдер менен ата-энелерге башыбызды ийип таазим кылабыз, ар дайым ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

"Алтын сертификат" ээлеринин саны 2020-жылы 53 болсо, 2021-жылы 58ге жетип, 2022-жылы 57 жеңүүчү аныкталды. Президент аймактардан келген бүтүрүүчүлөрдүн мыктыларын дагы өзүнчө белгилеп айтуу абдан кубанычтуу жагдай экенин кошумчалады.

Силерди жеңишке таптап, ишеним арткан, коомубуздун татыктуу жарандарын тарбиялап өстүргөн ата-энелерге жана мугалимдерге өзгөчө ыраазычылык билдиремин.

Мен сиздер менен сыймыктанам жана ар бириңиздер сүйүктүү кесипке ээ болуп, өз тармагыңызда мыкты адис болуп, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошоруңарга бекем ишенем.

Быйылкы жылы "Алтын сертификатка" ээ болгон бүтүрүүчүлөрдүн тизмеси.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7516