Айсулуу, Мээрим... Кыргыздын балбан кыздары тууралуу тасманын биринчи бөлүгү тартылды
RU

Айсулуу, Мээрим... Кыргыздын балбан кыздары тууралуу тасманын биринчи бөлүгү тартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эркин күрөш боюнча өлкөнүн кыз-келиндер курама командасы тууралуу толук метраждуу даректүү тасманын 60 мүнөттүк алгачкы бөлүмү тартылып бүттү. Бул туурасында "Кыргызфильм" улуттук киностудиядан маалымдашат.

Тасманы тартуу иштери 2022-жылдын башында башталган.

Даректүү тасмада кыргыздын дүйнөгө таанымал кыздары Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана башка спортчу кыздарынын жашоосу, өмүр баяны, машыгуу учуру, эл аралык таймаштарга катышкандыгы, коомчулук билип-билбеген окуялары, кыял-жоруктары чагылдырылат.

Алдыда дагы 60 мүнөттөн турган 6 бөлүмдүү фильмдин уландысын тартуу пландалууда.

Тасма "Кыргыздын кыраан кыздары" деп аталат, сценаристи жана режиссёру – Асел Жураева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7528