Казакстандык бизнесмен кыргыз-казак чек арасы Палестина менен Израилден да жаман деди
RU

Казакстандык бизнесмен кыргыз-казак чек арасы Палестина менен Израилден да жаман деди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандык бизнесмен, меценат Маргулан Сейсембаев Бишкекке иш сапары менен келип кеткен. Ал Алматыга кайтып жатканында Кыргызстан менен Казакстандын чек ара кызматкерлеринин ишин салышытырып, жеке пикирин Facebook баракчасына жазган.

Анын айтымында, ал Бишкектен саат 18:05те чыгып, чек ара пунктуна саат 19:07де жетип барган. Кыргыз чек арасын 15 мүнөттө өттүм. Ал эми казакстандык чек ара пункту эффективдүүлүктүн жоктугунун жана баш аламандыктын туу чокусу экен.

Бардыгы адамды кемсинтип, аны күтүүгө аргасыз кылууга жана адам бул өлкө үчүн эч ким эмес экенин көрсөтүү максаты менен жасалгандай. Кезек күткөн фуралардын учу-кыйыры жок. Казакстандык чек арачылар унаалардын 100%ын рентгентге жөнөтүп, андан тышкары кайра текшеришет экен. Чек арачылардын жарымы уктап жатат. Рентгенде бирөөсу эле иштеп отурат. Баарына, баарыбир, элди ойлогон бир адам жок.

Сейсембаев жолдо 7,5 саат жүргөнүн айтып, анын ичинен 3 саатын чек арадан өтүүгө коротконун белгиледи.

"Бул өлкөдө эч ким фура менен жеңил унаалардын агымын эки бөлүп койгонго акылы жеткен жокпу? Дагы эки рентген аппаратты сатып алып койсо болбойбу? Процедуралардын бардыгын ирээттеп коюу мүмкүн эмеспи? Астанада салынып жаткан бир LRT колоннанын ордуна (Астанадагы жеңил метрополитен - жер үстү менен жеңил рельстерден салынып жаткан транспорт системасы) ушул чек ара пунктун жакшыртып койсо болбойбу? Ал жактан бир жылда жүз миңдеген адамдар өтүшөт", - деди меценат.

Чек ара - бул бир эле жагы. Экинчиси - жарактан чыккан жолдор.

"Жолдун бүт аңгыл-дөңгүл. Бишкектен Алматыга чейин болгону 234 километр, жолго максимум 2 саат кетмек. А мен 7,5 саат короттум!", - деп жазды бизнесмен.

Биздин бийлик сөз менен эле казак-кыргыз бир тууган дей беришет. Чек ара пунктуна жана жолго караганда, биздин мамилелерибиз Палестина менен Израилден да жаман.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/752