Абитуриенттерди жогорку окуу жайга кабыл алуунун графиги
RU

Абитуриенттерди жогорку окуу жайга кабыл алуунун графиги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

18-июлдан баштап жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу башталат. Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графигин бекитти.

Ага ылайык:

- I тур - 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин;

- II тур - 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;

- III тур - 1-август саат 8:00дөн 8-август 14:00гө чейин;

- IV туру - 8-август саат 8:00дөн 10-август күнү 14:00гө чейин;

- V туру – 15-август саат 8:00дөн 20-август күнү 14:00гө чейин.

Катталгандан кийин окууга сунушталган абитуриенттердин тизмелери илинет, андан кийин абитуриенттер окуу жайда билим ала турганын ырасташы керек. Эгерде бош орундар калган болсо 22-23-24-августта, окууга сунушталган абитуриенттердин кошумча тизмелери илинет.

ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн абитуриент "Абитуриент Онлайн" автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7534